Кыргызстанда дагы 13 мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасы ачылат

13:11, 27 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда жакын арада дагы 13 «Эл Аман» мамлекеттик дарыкана ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин «Ата Журт» фракциясынын жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда 87 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.

Аткаминер депутаттарга мамлекеттик дарыканаларда дары-дармектер жеке менчикке караганда 20-30 пайызга арзан сатылып жатканын айтты. «Менимче, азыр биздин дарыканалардын пайда болушу менен жеке менчик дары-дармектердин баасын арзандатууга киришет», — деди ал.

Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекеттик дарыканаларда жашоо үчүн маанилүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектер сатыла турганын белгилейт.