Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары эки айга камалды

12:07, 27 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Биринчи Май райондук соту президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин баш коргоо чарасын тандады.

Сот УКМКнын тергөөчүсүнүн камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонуу өтүнүчүн канааттандырып, 2024-жылдын 4-ноябрына чейин СИЗОго камоо чечимин чыгарды. Алмамбет Салиевге КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айып тагылууда.

Белгилүү болгондой, Алмамбет Салиев 24-сентябрда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал Сооронбай Жээнбековдун тушунда мамлекет башчынын аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеген.