Шашылыш билдирүү! 28-29-сентябрда өлкөнүн төрт облусунда үшүк жүрүшү мүмкүн

10:31, 27 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

28-29-сентябрда өлкөнүн төрт облусунда үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-29-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде 0...-2°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында −1...-3° чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.