27-сентябрга карата аба ырайы

19:40, 26 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 27-сентябрга караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу жана бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар аралаш жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болот.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16;

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17 градус жылыйт.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 7...9, күндүз 15...17 градус жылуу болот.