USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Азия Кубогуна тандоо — U20: Эртең футбол беттеши алдында шоу-программа болот

18:37, 26 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Эртең, 27-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2025-жылы өтүүчү Азия Кубогуна жаштар курамаларынын тандоо оюндарынын алкагында Кыргыз курама командасы Түркмөнстан менен беттешет. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, беттеш саат 20.00дө башталат.

Ал эми саат 18.00дөн баштап бардык футбол күйөрмандары рэпер Фриман 996 катышкан шоу-программаны да көрүшөт.

Эске сала кетсек, башкы машыктыруучу Мирлан Эшеновдун жетекчилигиндеги команда Мьянма, Түркмөнстан жана Япония курама командалары менен I тайпага кирген. Кечээ мелдештин алгачкы турунда биздин команда Мьянманы 2:0 эсебинде утуп алды.

Тандоо турнирине 10 тайпага бөлүнгөн 45 команда катышууда. Өз тайпаларында биринчи орунду ээлеген командалар, ошондой эле экинчи орунду алган алты мыкты команда Азия Кубогунун финалдык баскычына жолдомо алышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика