Сосновка постунда унаадан дээрлик жарым килограмм гашиш табылган

17:37, 26 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баңги затын ташып бара жаткан 3 адамды кармашканын КР ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан 20-сентябрда Сосновка постунан Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа токтотулганын билдирди. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери унааны карап чыгышып, капоттун астынан 475 грамм салмактагы гашиш брикетин табышкан. Айдоочунун айтымында Т.У. жана С.К. аттуу жарандар менен бирге Токтогул районунда даярдалган. Алар аны Бишкекте сатмакчы болушкан.

Чүй облусунун Жайыл райондук соту үчөөнү эки айга камакка алды. Учурда тергөө иштери уланууда.