Саламаттыктык сактоо министрлиги БУУнун абройлуу сыйлыгын алды

16:18, 26 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Американын Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине 2024-жыл үчүн БУУнун Жугуштуу эмес ооруларды (ЖЭО) алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун беделдүү сыйлыгы ыйгарылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз борбору билдирди

Сыйлык КР Саламаттык сактоо министрлигинин атынан БУУнун ЖЭОго каршы глобалдык күрөш маселелерине арналган жыйынына катышкан саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Ренат Мавланбай уулуна тапшырылды.

Фото Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бул сыйлык Саламаттык сактоо министрлигинин, ошондой эле ЖЭОго каршы күрөшкө катышкан бардык мамлекеттик жана коомдук уюмдардын жамааттык аракетин баалоонун символу. Ал эми секторлор аралык кызматташуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга комплекстүү мамиле дени сак коомду курууда жана Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетишүүдө маанилүү элементтер болуп саналат.

Бул сыйлык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин гана эмес, ЖЭОнун жүгүн азайтуу үчүн күн сайын эмгектенип жаткан бардык адамдардын эмгегин баалоо экенин белгилейбиз. Мындан ары да калк саламаттыгына кам көрүү боюнча аракеттерибизди улуттук жана глобалдык деңгээлде улантабыз.

"Биз БУУнун Жумушчу тобуна алардын лидерлиги жана үзгүлтүксүз колдоосу үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз, инновациялардын жана ЖЭО менен күрөшүүдө кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилейбиз. Жетишилген ийгиликтерге карабастан, жугуштуу эмес оорулар адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурбай калышы үчүн алдыда дагы көп иштер турат", - деп айтылат маалыматта.

КР Саламаттык сактоо министрлиги саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн эл аралык уюмдар жана өнөктөштөр менен тыгыз кызматташууну улантат.