Аткаминерлер Бишкектин барктуу аймагынан жер тилкелерин мыйзамсыз беришкен

14:38, 26 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкектин престиждүү аймактарынын бириндеги 3 миң 500 чарчы метр муниципалдык жер мамлекетке кайтарылды. Беш муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан бул жер тилкелери жогорку кызматтагы адамдар тарабынан жасалма документтер аркылуу жеке адамдарга мыйзамсыз бөлүнүп берилген. Бул жерге турак-жай комплексин куруу пландаштырылган.

Фото УКМК басма сөз кызматы

Тергөө иштери жүргүзүлүп, ага тиешеси бар адамдар аныкталгандан кийин жер тилкелери өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине кайтарылган. Анын баасы болжол менен 300 миллион сомду түзөт.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктөрдү аныктоо жана кайтаруу боюнча иштерди улантууда