14:04, 26 сентября 2024, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көл облусунун Түп районунда быйыл үч жаңы бала бакча ачылганын, бирок алар иштебей жатканын айтты.
Эл өкүлү «Чындыгында ал жерде кызматкерлер жок, алар төлөй турган эч нерсеси жок. Айыл өкмөтү өзү дотацияга таянгандыктан аларды каржылай албайт», — деди.
Депутат министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовдон облустагы жаңы курулуп жаткан бала бакчалардын жана мектептердин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө маселесин чечип берүүнү суранды.