U-20: Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Мьянманы 2:0 эсебинде жеңди

09:54, 26 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков стадионунда  Кыргызстандын футбол боюнча  жаштар   курамасы алгачкы беттешинде Мьянмага каршы кез келди.

Беттештин алгачкы бөлүгүнүн 17 мүнөтүндө эсеп санын Байбол Эрмеков ачты. Ал эми 37-мүнөттө Ырыскелди Маданов дагы бир гол киргизип командасын алдыга алып чыкты.

Мирлан Эшеновдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын курамасы 2:0 оюнду жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, ушул эле тайпада Япония менен Түркмөнстан ойноп, жапондор да 2:0 эсебинде атаандашын жеңген. 27-сентябрда Кыргызстан Түркмөнстан менен ойнойт.