26-сентябрга карата аба ырайы

19:21, 25 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 26-сентябрга караган түнү Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы мүмкүн. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 14...19;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 21...26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 13...18;

Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19 градус жылыйт.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 9...11 °, күндүз 16...18 градус жылуу болот.