18:29, 25 сентября 2024, Бишкек - 24.kg
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Эркин Мамбеталиевдин кылмыш жолу менен алынган мүлкү мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.
Мамлекетке алынган мүлктүн арасында:
Ысык-Көл районундагы Өрнөк айылындагы «Эдельвейс» эс алуу борбору;
Бишкекте үч жана эки бөлмөлүү батирлер;
Lexus LX 570 жана Dodge RAM унаалары;
үч реактивдүү лыжа жана үч квадроцикл;
улуттук кийиз боз үй.
Өткөрүлгөн мүлктүн жалпы баасы 5 миллион 716 миң 307 долларды түзүп, 489 миллион 886 миң сомго барабар.
Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн мыйзамсыз алынган мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.