Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Мьянма менен беттешет

17:45, 25 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 25-сентябрда Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-20) Мьянма менен беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат. Футбол талаасына кыргызстандык спортчулар ак түстөгү форма менен чыгат.

Жаштар арасындагы Азия кубогунун тандоо туру саат 18:00дөн тартып шоу-программа менен коштолот. Билеттер kassir.kg сайтында сатылууда.

Белгилей кетсек, күн мурун жаштар курама командасы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо расмий машыгуусун өткөргөн.