Эртең Бишкектин борбордук бөлүгүндө муздак суу болбойт

17:00, 25 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Эртең, 26-сентябрда Бишкектин борбордук бөлүгүндө муздак суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага Тоголок Молдо суу алгыч жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштери себеп болууда.

Панфилов көчөсү, Манас проспектиси, Фрунзе көчөсү жана темир жол менен чектелген аймактарда саат 9.00дөн 21.00гө чейин суу болбойт.

Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Муздак сууну токтотуучу аймак
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.