00:35
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

ЖК депутаттары соттор жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү кароодон баш тартты

Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында депутаттары соттор жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү кароодон баш тартышты. Эл өкүлдөрү мунун себебин Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жыйынга өзү катышуусун талап кылышты.

Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев депутаттарга Замирбек Базарбековдун Кытайда иш сапары менен жүргөнүн түшүндүрдү. Бирок эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтырышты.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин түзүмүнө санариптештирүү маселелери боюнча төраганын орун басарынын кызмат ордун киргизүүнү карайт.

Эң көп окулган жаңылыктар