Президент III Элдик курултайдын датасын белгиледи

11:29, 24 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын президенти үчүнчү Элдик курултайдын датасын белгиледи. Бишкек шаарында 2024-жылдын 20-декабрында өтөт. Мамлекет башчынын тиешелүү жарлыгы өкмөттүк «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.

Алдыда боло турган чоң форумга өлкөнүн бардык аймактарынан 700 делегат катышат.

Иш-чараны даярдоо жана уюштуруу Министрлер Кабинетине жана Президенттин Администрациясына жүктөлдү.

Эске сала кетсек, экинчи курултай да 2023-жылдын декабрь айында борбордо өткөн.