00:52
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкекте жаңы Ош базарынын курулушу башталды

Бишкектин жанында жаңы Ош базарынын курулушу башталды. Бул тууралуу курулуш боюнча координатор Бакыт Ургалиев билдирди.

24.kg басылмасынын маалыматына караганда, Бакыт Ургалиев «Иншаат Строй Билдинг» ЖЧКсынын бригадири болуп эмгектенет.

Жаңы объект үчүн жалпысынан 59 гектар аянт бөлүнгөн. Бул жерде тогуз чоң павильон курулуп, ишкерлер үчүн соода жайлары болот. Базардын аймагында спорт залдар, мечит, медициналык борборлорду ачуу пландалууда. Ар бир павильондо муздаткыч камералар орнотулат жана сактоочу жайлар жабдылат.

Сатып алуучулар жана зыяратчылар үчүн чоң унаа токтотуучу жай (12 га) каралган. Анын жанында жаңы автобекет, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын көп кабаттуу турак-жайлары жана унаа жыйноочу заводдун курулушу пландалууда.

Ишти «Ордо Курулуш» көмөкчү ишканасы жүргүзүүдө.

Эске сала кетсек, бул компания буга чейин «Ынтымак Ордо» президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушуна катышкан. Иштин сапатын «Градстройсервис» ЖЧКсы көзөмөлдөйт. Заказчы — президенттик аппарат.

Жаңы Ош базарынын ачылышы 2025-жылдын октябрына пландалууда

Эң көп окулган жаңылыктар