Кыргызстандык боксчулар Кытайда эл аралык мелдешке катышат

16:03, 23 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кытайдын Үрүмчү шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдештер 25-сентябрда башталып 10-октябрда жыйынтыкталат.

Курама команданын тизмеси:

48 кг Анвар Ходжиев;

57 кг Санжай Сейдакматов, Ислам Төрөбеков;

63.5 кг Мирзохид Имамназаров, Алмаз Орозбеков;

80 кг Сагын Сатыбалды уулу;

+92 кг Бакыт Токтосун уулу.

Курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.