15:22, 23 сентября 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын экс-муфтийи, учурда Уламалар кеңешинин төрагасы Замир Ракиев Египет президентинин колунан жогорку сыйлык алды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы социалдык тармактарда билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-сентябрда Каирде иш-чара өтүп, анда динге кошкон салымы жана элге кызмат кылган белгилүү инсандар сыйланды. Алар мамлекеттик ардактуу медалдар менен сыйланышты. Иш-чарага Египеттин президенти Абдел Фаттах Саид Хусейн Халил ас-Сиси да катышып, Замир Ракиевге медаль тапшырды.
Кыргыз Республикасынын мурдагы муфтийи «Илим жана маданият» медалын исламдын салттуу багытын өнүктүрүүгө жана жайылтууга кошкон өзгөчө салымы жана Кыргызстан менен Египеттин ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн алды