14:51, 23 сентября 2024, Бишкек - 24.kg
26-27-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык,түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Иссык-Көл, Нарын облстарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10°, күндүз 14...19°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2...7°, күндүз 14...19°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8...13°, күндүз 21...26°,
тоо этектеринде түнкүсүн 1...6°, күндүз 6...11°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн −1...-6°, күндүз 8...13°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 3...8°, күндүз 13...18°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2...7°, күндүз 14...19°,
республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн −3° сууктан...+2° жылуулука чейин, күндүз 3...8°, бийик тоолордо түнкүсүн −2...-7°, күндүз 0...5° ка чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.