Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташуу борбору ачылды

14:20, 23 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кытайдын Шэньси провинциясынын Сиань шаарында кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташуу борбору ачылды. Борбордун ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана провинциянын губернатору Чжао Ган катышты. Бул тууралуу КР министрлер кабинети билдирди.

Маалыматка ылайык, аянты 1 миң чарчы метрди түзгөн борбор кыргызстандык товарлардын көргөзмөсүн жана ишкерлер менен жолугушууларды уюштурууга арналган. Ошондой эле Кыргызстандын 200 чарчы метр аянтты ээлеген соода павильону ачылды. Анда Douyin, WeChat жана Pingduoduo тиркемелери аркылуу оффлайн режиминде да, онлайн режиминде да сатып алууга мүмкүн болгон продукциялар көрсөтүлөт.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Ачылыштын алкагында Кыргызстан менен Шэньсиден келген 200дөн ашык компаниялардын катышуусунда бизнес-форум өттү. Катышуучулар өнөр жай, туризм, транспорт жана айыл чарба тармагына инвестиция тартууну талкуулашты.

Форумдун жыйынтыгында бир нече инвестициялык келишимдерге кол коюлду. Бакыт Төрөбаев ошондой эле Shaanxi Coal and Chemical Industry Group компаниясынын өкүлү менен жолугушуп, анда тоо-кен жана кайра иштетүү тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.