Кыргызстандык балбан допинг колдонгону үчүн күрөштөн 4 жылга четтетилди

14:10, 23 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков күрөштөн төрт жылга четтетилди. Бул тууралуу Эл аралык тестирлөө агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, 24 жаштагы спортчу 2023-жылдын 10-апрелинде допинг тесттен өтпөй калган. Бул күнү ал Астанада өткөн Азия чемпиондугунда 82 килограммга чейинки салмак ченинде жеңишке жеткен.

Континенталдык чемпионаттын биринчилигинде анын заарасынан тыюу салынган метастерон дарысынын калдыктары табылган.

Талантбеков алгач 2023-жылдын 12-июнуна чейин, ал эми териштирүүлөр аяктагандан кийин 2027-жылдын 11-июнуна чейин күрөштөн четтетилди.

Белгилей кетсек, Талантбековго ыйгарылган алтын медаль казакстандык Диас Каленге ыйгарылды.