Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүү эки жылда 10 пайызга көтөрүлөт

18:23, 20 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Үстүбүздөгү жылы электр энергиясын өндүрүү 2,5 пайызга өсүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы Алмаз Абдекиров билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы өндүрүш 7,5 пайызга (14,2 миллиарддан 15,2 миллиард киловатт-саатка чейин) өсөрү болжолдонууда. Буга иштеп жаткан энергетикалык объектилерди модернизациялоо, анын ичинде 2024-жылы кеминде 50 мегаватт жана 2025-2026-жылдары 62 мегаватт кошумча кубаттуулуктагы ири жана кичи ГЭСтерди ишке киргизүүнүн эсебинен жетишилет.

2024-2026-жылдары жалпы кошумча кубаттуулугу 6 миң 450 мегаватт болгон күн жана шамал электр станцияларын ишке киргизүү пландалууда.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда энергия тартыштыгы бар. 2023-жылы 3,2 миллиард киловатт-саат деп бааланган. Быйыл өлкө 3,2-3,5 миллиард киловатт-саат импорттоону пландоодо. Казакстан, Россия жана Түркмөнстандан сентябрь айынан декабрга чейин жеткирилет