Кыргызстандан 30 млн сомдук алтын куймаларын ташып бараткандар кармалды

15:36, 20 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

 Кыргыз-казак чек арасындагы Кең-Булуң өткөрмө бекетинде 3,3 килограмм алтын куймаларын Казакстанга  мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылып жаткан жол тандабас кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баалуу металл 30 миллион сомдон ашык бааланган.

«Алтын катуу  катылган, аны алып чыгууга керектүү документтер жок болгон», — деп айтылат маалыматта.

 

УКМК басма сөз кызматы. Алтын куймалар

Учурда бюджетке келтирилген зыянды аныктоо жана баалуу металлдарды аткезчилик жол менен алып өтүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат