USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Пенсионерлердин акчасын кымырган «Кыргыз почтасынын» кызматкерлери кармалды

12:05, 20 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунда «Кыргыз почтасы» ААКнын байланыш бөлүмүнүн башчысы акча каражатын системалуу түрдө кымырып алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, коррупциянын көрүнүштөрүн жоюу иштеринин алкагында «Кыргыз почтасы» ААКнын кызматкерлери тарабынан алыскы райондордун тургундарына пенсия, жөлөкпул жана эмгек акы төлөөгө багытталган акча каражаттарын ыйгарып алуу жана кымырып алуу фактылары аныкталган.

«Кыргыз почтасы» ААКнын «Таштак» байланыш бөлүмүнүн башчысы Э.Э.К., Сузак районунун тургуну И.С.Б. менен сүйлөшүп, ишенип берилген 10 млн 700 миң сом акча каражатын кымырып кылгандыгы аныкталган.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика