18:03, 19 сентября 2024, Бишкек - 24.kg
Эртең, 20-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактардын тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 26...31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24;
Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11...13, күндүз 26...28° жылуу болот.