USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

ИИМ: «Коопсуз шаар» тутуму Кыргызстандын бардык аймагында иштейт

16:39, 19 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын ички иштер министри милиция органдарынын жетекчилери үчүн онлайн жыйын өткөрдү.

Жыйында Ички иштер министри Улан Ниязбеков жалпы министрлик жана анын аймактык бөлүмдөрү өлкө боюнча «Коопсуз шаар» тутумун киргизүү боюнча иштерди баштагандыгын билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ өлкө президенти «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруу жөнүндө Жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, анын аткарылышын координациялоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Ички иштер министрлиги белгиленген.

Министр кол алдындагыларды маалыматтык технологиялар бөлүмү жана каржы-экономикалык камсыздоо бөлүмү менен тыгыз кызматташууга чакырды. Президенттин жарлыгынын талаптарын аткарбагандарга катуу чара көрүлөрүн дагы баса белгиледи.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18