Миргүл Темирбаева ЖК депутаты: «Лейлекте электр жарыгы жумалап өчүрүлүүдө»

13:10, 19 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунун Лейлек районунун айылдарында электр жарыгынын тартыштыгынан улам эл бир нече жумадан бери жарыксыз отурушат. Бул тууралуу Жогоку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева бүгүн, 19-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 17-сентябрда Лейлек РЭСинен «Айгүл-Таш» көмөк чордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу 18-26-сентябрь аралыгында аталган райондо электр жарыгы өчүрүлөт деген билдирүү түшкөн.

«Биз Тажикстандан кубаттуулугу 4 кВт болгон электр тармактарын кошууну пландаганбыз. Мага Жаңы-Жер айылынын тургундары кайрылып, электр жарыгын бир жумага, Арка насостук станциясынан дагы бир жумага берүү сунушталганын айтышты. Анткени Тажикстандан импорттолгон электр энергиясы жетишсиз», — дейт Миргүл Темирбаева.

Ал Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарында ооруканалар, бала бакчалар, мектептер, азык-түлүк дүкөндөрү бар экенин, бул аймактардын тургундары электр энергиясын Арка каскадына эмес, өздөрүнө берүүнү суранып жатканын баса белгиледи.

«Мурда жарык бир күнгө өчүрүлсө, азыр бир жумага өчүрүлөт. Күзүндө ушундай болсо, кышында эмне болот? Эл эмнеге даяр болушу керек?» — деп сурады депутат