Бүгүн Кыргызстанга Венгриянын тышкы иштер министри расмий иш сапары менен келет

09:04, 19 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 19-сентябрда Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто Кыргызстанга расмий сапары менен келет.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө Кыргыз-Венгер стратегиялык кеңешинин төртүнчү жыйынын өткөрүү пландаштырылууда. Анда эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу жана экономикалык кызматташтыгы кеңири талкууланат.