Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Орусияда өтүшү мүмкүн

13:44, 18 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Орусия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү вариантын карап жатат. Бул тууралуу ТАССтын маалымат жыйынында Орусиянын улуттук жана олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча комитетинин вице-президенти Игорь Павлюк билдирди.

Жыйында Павлюк «Ойлонууга убакыт бар. Оюндарды өткөрүүгө укук алганга чейин, жөнгө салуу планында турган бир катар маселелерди чечүү керек. Эгер Орусияда иш-чара өткөрүлсө, анда бул жаштар айткандай, ар дайым жогорулатуу керек», — деди

Мамлекеттик Думанын улуттар иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Ильдар Гилмутдинов белгилегендей, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан маалда «бир катар республикалардын жогорку даражалуу өкүлдөрү Казакстанга келип, катышуунун келечегин талкуулашкан».

Эске салсак, 2024-жылы сентябрда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өткөн. Россиянын командасы өлкөнүн желеги астында күч сынашып, жалпы медалдардын саны боюнча үчүнчү орунду ээледи. Оюндар эки жылда бир өткөрүлөт, кийинкиси Кыргызстанда өткөрүлөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген улуттук жана этникалык спорттун түрлөрү боюнча эл аралык мелдеш болуп саналат