Төрага депутаттарды парламент трибунасынан жеке маселелерди көтөрбөөгө чакырды

11:13, 18 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттардан парламент трибунасынан жеке маселелерди көтөрбөөнү суранды. Бул тууралуу ал, бүгүн, 18-сентябрда парламенттин жалпы жыйында билдирди.

Мындан бир аз мурдараак эл депутаты Динара Ашимова спикерден кесиптеши Эрнис Айдаралиев рейд өткөрүп жатканына байланыштуу саат 12.30дан 14.30га чейин тыныгуу жарыялоону суранган.

«Урматтуу депутаттар, мен сиздерди өзүңүздүн ишиңиздерди регламентке ылайык жүргүзүүгө чакырам. Пленардык жыйында жеке, ички маселелерди көтөрбөңүз. Мына ушундай окуялардан улам парламенттин ар-намысына шек келтирген сөздөр айтылууда. Өткөн жумада кесиптешибиздин сөзүнөн улам... Өзүңөр көрүп турасыңар», — дейт Нурланбек Шакиев.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин акыркы пленардык жыйынында мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Айгүл Айдарова кесиптеши менен жеке мамилесин тактоо чечимин кабыл алган. Анын айтымында, каникул учурунда эл депутаттарынын биринин апасы каза болуп, Айдарова бара албай калган. Ошондон улам, депутаттын айтымында, анын кесиптеши жаңжал чыгарган.