Ала-Букада он чакты аткаминер кылмыш иштерине аралашкан

15:21, 17 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Ала-Бука районунда Көк-Таш жана Ала-Бука айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, алар бала бакча, оорукана, сейил бак, таштанды таштоочу жай жана жолдор сыяктуу бир катар социалдык объектилердин курулушу аяктаганга чейин бюджеттик каражаттарды подрядчиктердин эсебине которушкан.

Бул аракеттердин натыйжасында мамлекетке 56 миллион 107 миң 652 сом зыян келтирилип, анын 11 миллион 24 миң 973 сому кайтарылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кызмат адамдарына карата 10 кылмыш иши козголгон.

Андан ары иликтөө иштери Ала-Бука районунун ички иштер бөлүмүнө тапшырылды