Бишкек жана Чүйдө жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал болуусу күтүлөт

11:44, 17 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүндө батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс, коопсуз жайларда болуңуздар.

Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына чалыңыз.