Кытай Ош облусундагы «Эркечтам» өткөрүү пунктуна көпүрө курду

18:44, 16 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы «Эркечтам» өткөрүү пунктуна көпүрө курду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Көпүрө Ош облусунун Алай районунда, Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунда курулган. Көпүрөнүн узундугу 187 метр, туурасы 24 метрди түзөт.

Көпүрөнү Кытай тарап өз каражатына курулуп, Кыргызстанга пайдаланууга берилди.