Догдурбек Чонтоев Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды

16:35, 16 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Догдурбек Чонтоев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент кол койду.

Догдурбек Чонтоев буга чейин КР Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору болуп иштеген. Ал география илимдеринин доктору.

КУУнун учурда мурдагы ректору Төлөбек Абдырахманов берген арызына ылайык кызматынан кетти.