19:30
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Эмгек министрлиги: Кыргызстанда 8 миңден ашык бош жумуш орду бар

Кыргызстанда иш берүүчүлөр арасында бүгүнкү күнгө карата 8 миңден ашык бош жумуш орундары бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык учурда төмөнкү кесиптер боюнча бош орундар бар:

мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер — 325;

саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, мед.айым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) — 581;

кассирлер — 151;

соода агенттери — 63;

менеджерлер — 59

бухгалтерлер — 46;

юристтер — 25;

экономисттер — 7;

инженер-строитель — 48;

психологдор —18;

тигүүчүлөр — 2276;

курулуш тармагындагы кызматкерлер (айдоочу, механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.) — 814;

айдоочулар — 463;

кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер (парикмахер, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу ж.б.) — 789;

ар тараптуу жумушчулар — 2344.

Орточо айлык маянаны 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгын алып карасак: өнөр жай тармагында — 52 866 сом, курулуш — 34 554 сом, соода сатык — 37 601 сом, унаа тармагында — 46 165 сом, кызмат көрсөтүү тармагында — 27 679 сом, финансы тармагы — 62 298 сом, билим берүү тармагы — 25 112 сом, саламаттыкты сактоо тармагы — 21 368 сом түзөт.

«Иш менен камсыз кылуу тармагында кызматтарды алуу үчүн бирдиктүү маалыматтык борборуна Кыргызстан ичинде 18 99 номерине чалып (иш күндөрү саат 09:00-18:00 чейин), маалымат алсаңыздар болот», — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, zanyatost.kg веб порталынан республика боюнча бош орундар менен тааныша алат жана контакты блогунан ар бир райондун даректери жайгашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар