«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын курамында кадрдык өзгөрүүлөр болду

15:16, 16 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын курамында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.

Фото

Маалыматка ылайык, «Кыргызалтын» ААКтын директорлор кеңеши компаниянын башкармалыгынын төрагасынын орун басарлыгына Айша Карпаеваны шайлады.

Буга чейин ал Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болуп иштеген.

Белгилей кетсек, Айша Карпаева 1976-жылы 14-февралда төрөлгөн. 2001-жылы Кыргыз техникалык университетин инженер адистиги боюнча аяктаган. 2010-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын жарандык жана эл аралык укук адистиги боюнча дипломун алган.