Эркин Тентишев Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды

12:54, 16 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Эркин Тентишев Эркин күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти.

Фото

Маалыматка ылайык, кезексиз шайлоо конференциясы өтүп, анда адистештирилген федерациянын жаңы жетекчиси шайланды.

Эркин Тентишев буга чейин президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, андан кийин мамлекет башчынын кеңешчиси болуп иштеген.

Эскерте кетсек, Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев Өзбекстандын уюшкан кылмыштуу тобунун лидери Салимбай Бойвоча менен түшкөн сүрөтү интернетке тарагандан кийин өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Салимбай Бойвоча деген каймана ат менен белгилүү өзбекстандык ишкер Салим Абдувалиевге (бай адам — ​​24.kg эскертүүсү) издөө жарыяланганын билдирген.