«Ата-Журт» партиясы шайлоолорго катышпайт. Камчыбек Ташиев билдирүү жасады

09:42, 16 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мындан ары «Ата-Журт» партиясы шайлоолорго катышпай тургандыгын айтты. Бул тууралуу ал, фейсбук баракчасына билдирүү жазды.

Ташиевдин айтымында, «Ата-Журт» партиясы 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт.

«Мага жеткен маалыматтар боюнча жер жерлерде депутат болом деген талапкерлер «Ата-Журт» партиясы менен катышабыз деген пикирлерин билдирип жатышыптыр. Айрым жердерде лидерликти жана тизмеде биринчиликти талашкандар болуп жатат экен. Арасында көпчүлүгү баягы эле илгертен бери бийликте тургандардын партиясы менен депутат болуп келип жүргөн жүздөр.

Урматтуу мекендештер! «Ата-Журт» партиясын түптөгөндөрдүн сап башында турган адам катары айтам: «Ата-Журт» партиясы 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт. Эмне үчүн мындай чечимге келдим? «Ата-Журт» партиясы аталганда эле менин ысымым менен байланыштырышат. Ошондуктан мен мамлекеттик кызматта олтуруп алып партияны бул шайлоого катыштырсам туура эмес болуп калат. Керек болсо 2026-жылкы парламенттик шайлоого дагы катыштырбаймын. Албетте сиздер тараптан: "Анда эмне үчүн 2021-жылы парламенттик шайлоого катыштырдыңыз?",- деген суроо болот. Чынымды айтсам ал убакта чырм эткенге убакыт жок иш менен алек болуп жүрүп, шайлоого деле көңүл бурган эмес экенмин. Партиянын мүчөлөрү келип: «Камчыбек Кыдыршаевич, уруксат берсеңиз «Ата-Журт» партиясы менен парламенттик шайлоого катышалы",- деп сурангандарынан — "Мейлиңер«,- деп уруксат берип койгон элем.

Эми мындан ары «Ата-Журт» партиясы шайлоолорго катышпайт«, — деп жазды ал.

Мындан тышкары кандай гана шайлоолор болбосун жаңылбай тандап, добуш сатууга жол бербөө керектигин белгиледи.

«Сиздер шайлаган депутаттар беш жыл бою сиздердин өзүңүздөрдүн тагдырыңыздарды чечишет.

Ошондуктан ар бир талапкер боюнча «жети өлчөп бир кесиңиздер». Коррупцияга жана криминалдык чөйрөгө тиешеси жок талапкерлерди тандаңыздар. Добушуңуздарды сатпаңыздар. Саткан адам да, сатып алган адам да жоопко тартыларын унутпаңыздар. Мындан ары Кыргызстанда кандай гана шайлоолор болбосун таза өтүш керек», — деп жазат Ташиев