Казакстанда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды

23:25, 13 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында Бешинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий түрдө жыйынтыкталды.

Жабылыш аземинде КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты Алтынбек Максутов Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары маанилүү окуялардын бири болуп калганын, бул улуттардын, ар кайсы конфессиялардын биримдигин бекемдеген ири иш-чарага айланганын белгиледи. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.

Иш-чаранын алкагында Көчмөндөрдүн кийинки оюндарын өткөрүү эстафетасы кайрадан Кыргызстанга берилди. Казакстан Республикасынын туризм жана спорт министри Ербол Мырзабосынов көкөрдөгү мөңгү суусун Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовго тапшырды.

Эске салсак, бул жолку оюндар Казакстандын Астана шаарында 8-13-сентябрь күндөрү өтүп, ага 89 өлкөдөн келген 2500дөн ашык спортчу спорттун 21 түрүнөн күч сынашты. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 183 спортчу 18 спорттун түрүнөн катышып, жалпы командалык эсепте 59 медаль (18 алтын, 18 күмүш жана 23 коло) менен 2-орунду ээледи.