Сокулукта борбордук футбол стадиону курулат. Ташиев капсула салды

19:08, 13 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Сокулук районунда борбордук футбол стадионун жана заманбап спорт комплексин куруу пландалууда. Аталган жайдын курулушуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы жана Кыргызстандын футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев капсула салды.

Фото

Анын айтымында, Кыргызстандын бардык аймагында спорт объектилери курулуп, реконструкцияланып жатат, алар курулганда ал жерде эл аралык мелдештер өткөрүлөт;

Спорт комплексинин жалпы аянты 15 миң чарчы метрден ашык болот.

«Камчыбек Ташиев Мамкурулуш комитетине Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте өз убагында каржылана турган тиешелүү долбоорду даярдоону тапшырды», — деп билдирди УКМК.