Жибек Жолу менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилиши эки күнгө жабылат

16:49, 13 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 13-сентябрда саат 23.00дө Жибек Жолу проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишин унаа кыймылы үчүн жабууну пландап жатышат.

Көчөнүн кесилиши 16-сентябрда саат 8.00дө кайрадан ачылат.

Мэрия Жибек Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датки көчөсүнө чейин оңдолот деп эскертти.