Окуучулардын саны аз мектептерди оптималдаштыруу жүрүп жатат: алардын 53ү бар

14:11, 13 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Билим берүү жана илим министрлигинин «Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоо жөнүндө» буйругу чыкты.

Ведомстводон маалымдашкандай, буйрукка ылайык жалпысынан 53 жалпы билим берүү уюму кошулат, анын ичинен:

Ош облусунда — 22;

Нарын облусунда — 10;

Чүй облусунда — 6;

Баткен облусунда — 5;

Жалал-Абад облусунда — 5;

Талас облусунда — 2;

Ысык-Көл облусунда — 1.

Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптималдаштыруу иштерин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары КР президентинин облустардагы өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте 2024-жылдын 1-ноябрына чейин аякташы зарыл.

Ал эми райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары оптимизация болгон мектептердин кыскарган кызматкерлерин, тейлөөчү персоналдарды жумушка жайгаштыруу, жергиликтүү калк менен оптимизация боюнча келип чыккан маселелер боюнча иш-чараларды жана түшүндүрүү иштерин 2024-жылдын 1-декабрына чейин жыйынтыктоосу керек.