Кыргызстан менен Татарстан биргелешкен өнөр жай паркын түзүшөт

10:26, 13 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан менен Татарстан биргелешкен өнөр жай паркын түзүшөт. «Химград» технополиси менен КР Экономика жана коммерция министрлиги биргелешкен индустриалдык паркты түзүү боюнча кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу технополистин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, энергетиканы, түстүү металлургияны жана өнөр жайынын башка тармактарын өнүктүрүү пландаштырылган.

Фото

Документке Химград технополисинин башкы директору Айрат Гиззатуллин жана КР экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асыкулов кол коюшту.

Аткаминер өлкө Орусия менен өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Азыр биринчи кезекте технологиялык жана индустриалдык парктарды түзүү турат.

Индустриалдык парк төмөнкү багыттарды өнүктүрүүнү пландаштырууда: энергетика, түстүү металлургия, курулуш материалдарын өндүрүү, фармацевтика, электроника, прибор жасоо, тиричилик техникасы жана машина куруу.

«Кыргызстандын мыйзамдарында инвестициялык келишимдердин алкагында индустриалдык парктын резиденттерине салыктык жеңилдиктерди берүү каралган», — деп билдирди технополистин басма сөз кызматы.