19:30, 12 сентября 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызгидромет билдиргендей, 13-сентябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +20...+25,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +18...+23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10...+15, күндүз +25...+30,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +17...+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +19...+24.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +22...+24 градус болот.