Көчмөндөр оюндары — 2024: Кыргызстан көкбөрү боюнча чемпион болду

18:56, 12 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча финалдык беттештер аяктады. Анда Кыргызстандын көкбөрү командасы 10:4 эсеби менен жеңишке жетип, көчмөндөр оюндарынын чемпиону аталды.

Беттештин биринчи бөлүгү 1:5 эсебинде жыйынтыкталды. Анда Кыргызстандын көкбөрүчүлөр 5 улак таштап, анда 21 жаштагы Дастан Русланов жана Нуржан Мелисбек уулу дубль жасады. Дагы бир улакты Бексултан Абдукалил уулу таштады

Коло байгени үчүнчү орун үчүн болгон беттеште Түркияны 12:4 эсебинде жеңген Орусиядан келген спортчулар алды.

Эскерте кетсек, бүгүн көкпар мелдешинин финалында кыргызстандыктар Казакстанга утулуп, күмүш медаль тагынышкан.

Төртүнчү күндөн кийин Кыргызстан командалык таймашта үчүнчү орунда турат.