20:32
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстанда 11 агенттиктерге чет өлкөлөргө ишке орноштурууга тыюу салынды

11 жеке ишке орноштуруу агенттиктерине жарандарды чет өлкөдө ишке орноштурууга байланыштуу иш жүргүзүүгө уруксат берүүдөн баш тартылган же алардын уруксаты жокко чыгарылган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мекемелердин тизмеси Эмгек министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун расмий сайтында www.migrant.kg жарыяланган.

Министрлик Кыргызстандын жарандарын тизмеси борбордун сайтында да бар ишенимдүү жеке ишке орноштуруу агенттиктерине гана кайрылууга жана аларды тандоодо этият болууга чакырат.

Чет өлкөдө жумушка орношууда көйгөйлөргө туш болгон жарандар борбордун ишеним телефону: +996559189900 (WhatsApp) аркылуу юридикалык жана консультациялык жардам ала алышат.

Уруксат берүүдөн баш тартылган же жокко чыгарылган жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин тизмеси:

«Вайс Групп» ЖЧК (Литва);

«Селф виза» ЖЧК (Финляндия);

«Работа есть» ЖЧК (Россия);

Койгелдиева Ж.Э. (жеке ишкер) (Польша);

«Айя-София» Европага убактылуу жумуш" ЖЧК (Польша, Финляндия, Венгрия);

«Fly Go» ЖЧК (Чехия);

«Гоу Ту Германи» ЖЧК (ФРГ);

«Интернешнл Лигал Бридж» ЖЧК (Польша);

«Глобал Стади Сервис» ЖЧК (Россия, Турция);

«Лаки Джоб» ЖЧК (Болгария);

«Адимаворк» ЖЧК (БАЭ, Катар

Башкармалык уруксат кагазы баруучу ар бир өлкө үчүн өзүнчө берилерин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар