Баткендин чек ара айылдарынын тургундарына жөлөк пул төлөнбөй жатат

14:28, 12 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Баткен районунун чек ара айылдарынын тургундарына социалдык жөлөкпул төлөнбөй келет. Алар президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова бүгүн, 12-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкекке же Орусияга жумушсуз кеткен эркектердин үй-бүлөлөрүнө жөлөк пул берилбейт же жарым-жартылай берилет.

«Баткен районунун чек ара аймактарында жайыт жок, мал кармай турган жери жок, сугат талаалары жок. Эл жөлөк пул менен жашап жатат», — дейт Айгүл Айдарова.