Көчмөндөр оюндары — 2024: Казак-кыргыз көкпар боюнча финалдык оюнда жаңжал чыкты

14:14, 12 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча финалдык оюнда жаңжал чыгып, оюн токтотулду.

Биринчи таймдын 13-мүнөтүндө Кубанычбек Султан уулу эсепти 3:1 кылып кыргызстандыктардын пайдасына жаңырткан.

Ошондон кийин дароо Казакстан курама командасынын оюнчусу Улан Байтөреев Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жиберген. Ушундан кийин мушташ башталган. Беттеш жагдайды тактоо үчүн токтотулду.