Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын эки жардамчысы кармалды

12:37, 12 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 12-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын эки жардамчысын кармашты.

24.kg басылмасынын журналистинин айтымында, мамлекеттик комитеттин атайын күчтөрүнүн кызматкерлери аларды имараттан колдорун кишендеп алып чыгышкан.

Буга чейин УКМКнын кызматкерлери депутат Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүп жатканы маалымдалган. Кармоонун себеби азырынча белгисиз.

Гүлкан Молдобекова өлкөдө жок, командировкада экендиги айтылды.